Бир ай мурда Таласта зомбулукка каршы тынч жөө жүрүштөр өткөн. Быйыл жыл башынан бери облуста үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 200гө жакын аял милицияга кайрылган.
Чоң Кемин - Күнгөй Ала Тоо менен Иле Ала Тоосунун ортосундагы өрөөн.
Абдыкадыр Орозбеков – сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири. Бирок 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.
Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында Жалал-Абад, Ош облусундагы жабылган мечит-медреселерге байланыштуу маселе көтөрүлдү.
Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районун бириктирген чек ара бекети ачылгандан бери карым-катнаш жанданды. Көп жылдар жабык турган "Кара-Багыш" өткөрмө бекети бир ай мурда ачылган. "Данисте" бул жолу кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан айылдардын турмушун көрсөтөт.
Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активист бир жыл мурун камалган.
Орусияда табышкан Жаныбек менен Ася ушул тапта Кыргызстанда туристтик турларды уюштурат.
Акыркы жылдары Тажикстандын Мургаб районунда жашаган кыргыздар ата-журтун таштап, Кыргызстандын Чүй боорун көздөй көп көчүп келе баштаган.
Жумгалдын Кызарт айылында 20дан ашуун конок үйлөрү бар. Соң-Көлдөн анча алыс эмес жайгашкан бул айылдын эли он жылдан бери айылда чет элдик туристтерди тосуп келет.
Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага түшкөн.
55 жаштагы Гүлкайыр Болотбекова үч жылдан бери ак кан менен алышып, ар 10 күн сайын донор канын куйдуруп жашап келет. Бул сейрек кездешкен дарттан айыгуу үчүн көп учурда сөөктүн кемигин алмаштыруу керек. Бирок трансплантация Кыргызстанда жасалбайт.
1991-жылы 30-августта сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү ызаат менен кайра жерге берилген. Эртеси кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн жарыялаган.
Жеңил өнөр жайы - Кыргызстандагы приоритеттүү, социалдык мааниси чоң тармак. Өлкө эгемендик алган алгачкы жылдарда жеңил өнөр жайындагы ири ишканалар талкаланып, миңдеген жумушчу орундар жоюлуп кеткен. “Данисте” бул жолу жеңил өнөр жайын ичинен көрсөтүп берет.
Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө кубогу башталды.
Байтемировдордун үй-бүлөсү Ат-Башынын алыскы Ак-Сай өрөөнүнө жыл сайын мал багып, жайлап келет. Азыр алар 500дөн ашык кой, бир үйүр жылкы жана он чакты уй багып жатышат. Алыскы жайлоонун бир күнү тууралуу айтып беребиз.
Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө союз маалында салынган малчылардын маданий борборунда ушул күндөрү бирин-серин гана киши калды.
Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Кел-Суу (Кел-Суу, жергиликтүүлөр Көл-Тетири деп да аташат) көлү соңку беш жылда туристтер сүйгөн жайга айланды. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги көлгө дүйнөнүн булуң-бурчунан коноктор келип, кооздугуна суктанып жатышат.
Сокулуктагы Орок айыл өкмөтүнө кирген бир катар жаңы конуштарда таза суу тартыш. 3-июлда айылдыктар менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, нааразы болгон элге бир жумада маселе чечилет деп айткан. Бирок жергиликтүү эл бийликтин убадасына ишенбей турат.
30-июнда "Асман" шаарынын курулушуна старт берилет. Президенттик администрациянын маалыматы боюнча Ысык-Көл жээгиндеги бул шаар 500 миңге жакын адамга ылайыкташкан экологиялык таза калаа болот. Бийлик акыркы эки-үч жылдан бери убада кылган "Асман" шаары кайда курулат, анда кимдер жашайт?
Дагы жүктөңүз