Израил жекшембиде Катарга Газадагы ок атышууну токтотуу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө делегациясын жөнөтөт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдиргендей, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС уюму койгон талаптардан айрымдары "кабыл алынгыс" экенин билдирди.
ХАМАС жума күнү АКШнын ок атышууну токтотуу боюнча сунушуна “оң маанайда” жооп берип, бул боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экени билдирген.
Мунун алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Израил 60 күндүк ок атышууну токтотуу келишимине макул болгонун белгилеп, бул сунуш “ХАМАСка соңку ирет” берилип жатканын айткан.
ХАМАС бул сунушту карап жатканын белгилеп, макулдашуунун негизги шарты деп тилкеден Израилдин армиясынын толук чыгып кетишин талап кылган.
Израилдин Газадагы чабуулдары ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.
Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.
Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпай келет.